Жаңылыктар
Быйыл "Сталинград салгылашына" 75 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл "Сталинград салгылашына" 75 жыл болду

Тарыхта "Сталинград салгылашы" деген ат менен эсте калган окуяга быйыл 75 жыл болду. 

Анын урматына карата Леонид Сумароковдун "Кыргызстандын Сталинграддык күндөлүгү" аталышындагы жыйнагы чыкты. Жыйнакта Сталинградды бошотууга катышкан кыргызстандык жоокерлер тууралуу эскерүүлөр камтылган. 

Китептин бет ачарына салгылашка катышкан жоокерлердин урпактары, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси жана студенттер келди. Автордун айтымында, бул жыйнактын уландысы дагы чыгат. Эске салсак, 1943-жылдын 2-февралында советтик аскерлер Сталинград шаарын немецтик-фашисттик баскынчылардан бошоткон.