Жаңылыктар
2 адамдын өмүрүн сактап калган Сүйөрбек Бактыгулов
Кыргызстан жаңылыктары
2 адамдын өмүрүн сактап калган Сүйөрбек Бактыгулов

 Ысык-Көл облусунун тургуну  өрттөн 2 жаранды куткарып калгандыгы үчүн  өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин  медалы менен сыйланды. 

 Министрликтин басма  сөз  кызматынан маалымдагандай,  бул окуя, 2013-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында болгон. Түнкү саат 3:00 чамасында Западная көчөсүнүн №6 дарегиндеги үйдө өрт катталган, Сүйөрбек Бактыгулов өз өмүрүн тобокелге салып, өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин өрттөнүп жаткан үйдүн ичине кирип, 2 адамдысыртка алып чыккандан кийин үйдөн газ баллон жарылган. 

 Үйдөн куткарылып калган 2 киши спирт ичимдиктерин ичишип, электр приборлорун күйгүзгөн бойдон уктап калышкандыгы аныкталган. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун  буйругу менен Ысык-Көл облусунун тургуну Сүйөрбек Бактыгулов «Өрттөгү каармандыгы үчүн» төш белгиси менен сыйланды.