Жаңылыктар
Тартип сакчысына ким ок чыгарды?
Кылмыш
Тартип сакчысына ким ок чыгарды?

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда милиция кызматкерине белгисиз адам ок чыгарды. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди. 

Маалыматка караганда, кол салуу 2-февралда түнкү саат 23:45тер чамасында болгон. Ок тийген тартип сакчысы ошол учурда кызматтык милдетин аткарып жаткан. Жараат алган милиция кызматкери ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы кандай экени тууралуу маалымат айтыла элек.