Жаңылыктар
Сапар Исаков Дмитрий Медведев менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады
Саясат
Сапар Исаков Дмитрий Медведев менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады

Сапар Исаков, Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков Дмитрий Медведевди Россия Федерациясынын Евразиялык экономикалык биримдикте 2018-жылы төрагалык кылуусу менен куттуктады.

«Россиялык тараптын бардык демилгелери жана идеялары келечекте Биримдиктин чыңдалышы үчүн өз пайдасын тийгизээрине ишеним билдирем», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчылар эл аралык санариптик күн тартиптин акыркы тенденцияларын, соода-экономика, илимий-техника жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы эки тарапуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чараларды талкуулады.

Тараптар кыргыз-орус кытматташтыгын чыңдоого багытталган маселелердин бардык тармактары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин билдиришти.