Жаңылыктар
Бишкек жылуулук борборуна жаңы директор дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек жылуулук борборуна жаңы директор дайындалды

Эми Бишкек ТЭЦин Андрей Воропаев жетектейт. Мындай маалыматты “Электр станциялар” ишканасынан билдирди. Эскерте кетсек, 2-февралда Жылуулук борбордун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу кызматынан бошотулган. Бул чечим премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасынын негизинде кабыл алынган. 

Ал эми жаңы жетекчи Андрей Воропаев Бишкек жылуулук борборун буга чейин да жетектеген. Тагыраак айтканда, 2013төн 2017-жылга чейин ТЭЦтин директору болуп иштеген.