Жаңылыктар
"Кара тизме" боюнча маселе кайра каралат
Кыргызстан жаңылыктары
"Кара тизме" боюнча маселе кайра каралат

"Кара тизме" боюнча маселе кайра каралат. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев Жогорку Кеңеште билдирди. 

Анын айтымында, мигранттарды "кара тизмеге" киргизүүнүн себептерин кайра карап чыгуу зарыл. Кээ бирлери жолдон туура эмес өткөндүгү үчүн деле тизмеге түшүп калган учурлар бар. Экинчиден, азыркы мыйзамга ылайык, эмгек келишими аяктаган адам 15 күнгө чейин ошол өлкөнүн аймагында жүрө алат. 

Бул мөөнөт өтө аз, аны 30 күнгө чейин узартуу керек. Үчүнчүдөн, 2018-жылдын 1-январынан тарта эмгек келишими бар мигрант медициналык жактан камсыздандырылат, бирок алардын балдары четте калууда", - дейт. 

Бул маселелер 4-мартта ЕАЭБдин комиссиясында каралат. Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирип жатканда кыргызстандык эмгек мигранттар 10 жеңилдикке ээ болгон.