Жаңылыктар
Шевченко Бразилияда өткөн турнирде каршылашы Присцила Кечоейраны жеңип алды
Спорт
Шевченко Бразилияда өткөн турнирде  каршылашы Присцила Кечоейраны жеңип алды

Валентина Шевченко Бразилияда өткөн UFC Fight Night 125 турниринин алкагында каршылашы Присцила Кечоейра менен болгон беттешти жеңип чыкты.

Шевченко биринчи раундда эле каршылашына 70ден ашык сокку урууга жетишкен. Ал эми экинчи раундда Шевченко Кечоейраны 200дөн ашык муштаса, каршылашы бир гана сокку урууга жетишти. 

Акыры - муунтуу ыкмасын колдонду. UFC уюмунун чыгарган жыйынтыгына караганда, жалпысынан эки раундда Шевченко 230 сокку урган. Ал эми Кечоейра болсо болгону 3 жолу муштап калууга үлгүргөн.