Жаңылыктар
Медреселерде кесиптик билим берүү долбоору уланууда
Дин
Медреселерде кесиптик билим берүү долбоору уланууда

Кыргызстанда медресе окуучуларына кесиптик билим берүү долбоорунун үчүнчү этабы башталууда. Анын алкагында бул жолу Кыргызстандын бардык облустарында бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышса болот. 

Адистиктер ширетүүчү, ашпозчу, кондитер азыктарын даярдоочу, тигүү тармагы, компьютердик сабаттуулук жана электрик багыттары боюнча үйрөтүлөт. Долбоордун биринчи бөлүгү 2015-жылы башталып, “АВЕП” коомдук уюму жана муфтияттын демилгесинин астында ишке ашырылган. 

Былтыр болсо Ош, Баткен жана Жалал-абад облустарын камтып, жалпысынан 300гө чукул медресе окуучулары ар кандай кесиптин ээлери болушкан. Быйыл медресе жаштарына кесип үйрөткөн долбоорду муфтият менен дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия колдоп, жалпы Кыргызстандын аймагын камтыганы жатат. 

Окуу жайларды кесипке үрөткөн жабдуулар менен камсыздап, окутуп, үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды толугу менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо.