Жаңылыктар
Адам өмүрүн алган жол кырсыктар
Кырсык
 Адам өмүрүн алган жол кырсыктар

Жыл башынан бери күйүүчү май ташыган 6 унаа оодарылып, жол кырсыктан 5 адамдын өмүрү кыйылды, жаракат алгандары андан көп. Ал эми өткөн жылы опурталдуу делген жүктү тарткан унаалардын катышуусунда 22 кырсык келип чыгып, мерт кеткендер 20 кишиден ашкан. 

Бишкек-Ош каттамы. Январь айынын акырында күйүүчү май тартып бара жаткан унаанын айдоочусу түн ичинде рулду башкара албай дарыяга кирип кетип, натыйжада 1 адам өлүп, экөө жаракат алган. Кырсыктан күйүүчү майдын көбү дарыяга агып, экологияга чоң зыян келтирген. Дарыянын төмөн жагында балык чарбада кармалган балыктар да ууланып өлдү. Жол коопсуздугун көзөмөл кылган адистер, кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтегенде, көбүнчө унаалардын техникалык абалы талапка жооп бербей турганы аныкталган.

Дагы бир кырсык учурунда адамдар кулап жаткан цистернага батынып барып, чакалап күйүүчү май ташууда. Мындай жагдай абдан коркунучтуу. Мисалы, Пакистанда төгүлгөн күйүүчү майга чылымдын гүлү тийип 150 киши тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Жол сакчылары андай маалда кырсык болгон жерден оолак болууну эскертет. 

Мындай кырсыктарга эмне жол ачат, эрежелер сакталбай жатабы же айдоочу өткөрмө жайларга акча кармата берип сапарын улайбы суроо жаратат. Бирок адистердин маалыматына караганда, эң башкы орунда тажрыйбасы жок айдоочулар турат.

Бишкек-Ош жолу дүйнөдөгү эң кооптуу делген жолдордун тизмесине кирет. Бийиктик, кууш жол, тар капчыгай жана башка кыйынчылыктар көп. Кеч киргени опурталдуу жүк тартууга мыйзам жол бербейт, бирок ага карабай түн катып сапарын улаган айдоочу четтен чыгат. Жол коопсуздугун камсыздаган кызмат Бишкек-Ош жолунда 8 жерге унаа токтотуучу жай ачып, аша чапкан айдоочуларды токтотуу аракетин баштады.