Жаңылыктар
СССРдин эл артисти Ч.Базарбаевди эскерүү кечеси
Маданият
СССРдин эл артисти Ч.Базарбаевди эскерүү кечеси

Орто Азияда балет өнөрүндөгү жигиттердин арасынан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган атактуу балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси өзү эмгектенген А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында кечээ 4-февралда болуп өттү.

Кечеге балерондун жакындары, кесиптештери, күйөрмандары келишти. СССР эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин жаркын элесине арналган кеченин концерттик программасында Ч. Базарбаев атындагы Хареографиялык окуу жайдын окуучулары, Мамлекеттик Нурдин Түгөлөв атындагы “Ак-Марал” бий ансамблинин бийчилери ж.б. таланттуу балет искусствосунун жаш чеберлери катышты.

Концерттин дирижёру-КР эмгек сиңирген артисти, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижёру Нурматбек Полотов.

Репититорлор-КР эмгек сиңирген Роза Таирова, Гүлназ Дүйшөмбиева, Мария Касымова, КР эл артисти Акан Нуртазин.

Концертмейстрлер-Евгения Баялинова, Чачыкей Мухтарова, Александр Гуйван.

Концерттин режиссёру- А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстри, КР эмгек сиңирген артисти Акан Нуртазин

Кыргыздын чыгаан уулу, дүйнө элине таланты менен таанылган атактуу балерон Чолпонбек Базарбаевдин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрындагы опол тоодой эмгегин театрдын директору, КР эмгек сиңирген артисти Болот Осмонов баса белгиледи.

Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1959-жылы Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. 1966-жылдан баштап, Кыргыз опера жана балет театрынын Москвадагы жана Ленинграддагы гастролдоруна чыга баштаган. 1967-жылдан 1968-жылга чейин Москва академиялык хароеграфиялык орто окуу жайында тажрыйба алмашууга барып, окуп келген. Жылына балет классикасынын отуздан ашык спектакльдерин ойночу. Алардын ичинен эң оор образдар: П.И. Чайковскийдин "Ак куу көлү", А. Адандын "Жизель", У. Мусаевдин "Томирис", Петрушканын "Петрушка" ж.б. болду. 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган.