Жаңылыктар
Жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы
Өзгөчө кырдаал
Жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргыз жылнаамачылардын эсебинде 5-февралда чилде чыгат. Чилде чыгаар алдында кар жаап, аба ырайы суук болот. Байыркы жылнаама менен заманбап аба ырайын алдын ала айтуучулардын божомолу бул ирет дал келүүдө. 

Анткени 5-февралда башталган кар 8-февралга чейин созулат. Бирок үшүткөн ызгаар күтүлбөйт деп адистер ишендирүүдө.  
5-февралда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Тамчы участкасынын 74-78- чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кар күрткүгө айланып, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. 

Аба ырайын алдын ала айтуучу борбордон билдиришкендей, 5-февралда башталган кар жалпы өлкө аймагында 8-февралга чейин уланат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында кардын жаашы нормада болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым бийик тоолуу аймактарында гана жаайт.

Кар аралаш жаан бийик тоолордо, тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучтарын пайда кылат.  

Кыргызстанда кыш ызгаары катуу болгону менен декабрь, январь айларында жаан-чачын былтыркыдан 2,5 эсеге аз болду. Аба ырайын маалымдоочулардын божомолунда, март айы да жаан-чачындуу болот. Бирок үшүткөн суук күтүлбөйт. Жаандын көп жаап, ошол эле маалда абанын жылуу болушу мөңгүлөрдү эритип, дарыяларда суу ташкындарын, сел коркунучун жаратышы ыктымал. Бул тез ысыган түштүк аймактар үчүн кооптуу. Республика боюнча суу ташкыны пайда болуучу 10 миңден ашуун тилке каттоодо бар. 

Эң башкысы кандай аба ырайы болбосун ага алдын ала даярдык көрүү көп көйгөйдүн алып, түрдүү чыгымдардан сактайт дешет адистер.