Жаңылыктар
Кыргызстандагы мектептер инновациялык жабдуулар менен камсыздалат
Билим
Кыргызстандагы мектептер инновациялык жабдуулар менен камсыздалат

Быйыл жалпы өлкө боюнча жер-жерлерде отуз мектеп инновациялык жабдуулар менен камсыздалат. Долбоорду Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашыруу каралууда. Атайын тандап алынган мектептерде тиешелүү оңдоо иштери соңуна чыгарылган. 

Өкмөт өлкөдөгү 100 мектептин билим берүүсүнүн сапатын инновациянын жардамы менен жогорулатууну пландаган. Алардын катарында 2 миңден ашуун окуучу билим алган Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнө караштуу орто мектеп да бар. 

Мектеп Инновациялык деп аталганы менен андай артыкчылыктагы жабдуулар орнотула элек. Аларды жайгаштырууга атайын бөлмөлөр гана даярдалган. Мектептин жамааты жаңылана турган учурду чыдамсыздык менен күтүүдө.

Алына турган жабдуулардын катарында электроникалык каражаттар, китеп, парта, лабораторияга керектүү шаймандар бар. Ал бир эле билим берүү жайын эмес, ага жакын жайгашкан башка мектептердин окуучуларына да сабакты жаңы ыкмалар менен өздөштүрүүгө шарт түзөт. Өкмөт инновациялык деп белгилеген 100 мектептин отузун каржылоону Азия өнүктүрүү банкы колго алууда.

Билим берүү, илим министрлиги долбоор олуттуу натыйжа берет деп үмүт кылууда. Технология өнүккөн заманда тармактагы мындай өзгөрүүлөр окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, сапаттуу билимге ээ болушуна шарт түзөт. 

Жабдыла турган мектептердин баары жер-жерлерде. Бул Аймактарды өнүктүрүү жылынын максаттарына шайкеш келет. Заманбап каражаттардын жардамы менен иш алып баруусу үчүн мугалимдер даярдыктан өткөн. Алардын билимин жогорулатууга багытталган иш-чаралары дагы өткөрүлүп турат.