Жаңылыктар
ЖЭБдеги жагдайды текшерүүгө мекемелер аралык комиссия түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБдеги жагдайды текшерүүгө мекемелер аралык комиссия түзүлдү

Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абалдын жаралыш себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Аны биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев жетектейт.

Комиссияга бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык Жылуулук берүү борборунда январь айында болгон штаттан тышкаркы абалдын жаралыш себептерин аныктоо тапшырылды. Мекемелер аралык комиссия эми учурдагы жылытуу мезгилин туруктуу жыйынтыктоо үчүн кечиктирилгис чараларды талдап, мындан ары кооптуу жагдайларга жол бербей турган иш-чараларды иштеп чыгат. 

Бишкектин Жылуулук берүү борборундагы авария боюнча күнөөлүү адамдарды териштирип, аларга карата чара көрүү жөнүндө сунуштарды киргизет. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин 31-январдагы жыйынында депутаттар айткан сунуштарга талдоо жүргүзүп, аларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат. 

Буйрукка ылайык, комиссияга мамлекеттик органдардын, акционердик коомдордун жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын ишине зарыл болгон материалдарды сурап алууга укук берилет.