Жаңылыктар
Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо боюнча келечектеги чаралар талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо боюнча келечектеги чаралар талкууланды

Премьер-министри Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен бул тармактын 2017-жылдагы ишин, ошондой эле 2018-жылдын январь айындагы жыйынтыктарын талкуулады. Баяндаманын жүрүшүндө Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

Кулматов билдиргендей, өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча акыркы бир жарым ай ичинде бажы төлөмдөрүн администрациялоо тутумун жакшыртуу үстүндө күчөтүлгөн иш алып барып, ал өзүнүн жыйынтыктарын берүүдө. Тактап айтканда, 2018-жылдын январь айында 2 млрд. 800 млн. сомдон ашык бажы төлөмдөрү жыйналды. Болжолдонгон көлөм 1 млрд. 9 млн. сомду түзгөн. Өсүү темпи 146,2 пайыз же 907 млн. 300 миң сом болду. 

Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин айтты. Кубанычбек Кулматов өкмөт башчыга 2017-жылы Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 34 млрд. 200 млн сом көлөмүндө камсыз кылынганын, болжол 98,4 пайызга аткарылгандыгын маалымдады. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо боюнча келечектеги чаралар талкууланды.