Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүүдө басым жасай турган негизги багыттардын бири- айыл чарба тармагы
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарды өнүктүрүүдө басым жасай турган негизги багыттардын бири- айыл чарба тармагы

Аймактарды өнүктүрүүдө басым жасай турган негизги багыттардын бири- айыл чарба тармагы. Бул жаатта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин жана Европа өлкөлөрүнө товар ташууга мүмкүндүк берген ВСП+ макамын толук пайдаланып, коңшулаш бардык мамлекеттер менен алаканы бекемдесе болот. Алгачкы жыйынтыктар азыртадан бар. Өзбекстан Кыргызстандан ташылган айрым товарларга акциздик салыкты төмөндөтсө, коңшулаш башка өлкөлөр да агротармакта кызматташууга кызыкдар. Мына ушунча көлөмдөгү жашылча жемиш жакын арада Өзбекстанга экспорттолгону турат. 

Ош облусундагы 300 тонна азык-түлүк бата турган логистикалык борборго жеке ишкер Самат Жусупов ээлик кылат. Ал өткөн жылы эле коңшу мамлекетке жашылча жемиштерди акциздик салык төлөп ташычу. Быйыл товарлардын айрым түрлөрү салыктын бул түрүнөн бошотулгандыктан, киреше көбөйөт деп үмүттөнүүдө. Айыл чарба азыктарына акциздик салыкты алып салуу маселеси өлкө башчысынын Өзбекстанга болгон иш сапарында талкууланган. Анда агротармакта биргелешкен жаңы ишканаларды куруу мүмкүнчүлүктөрү да каралган. Ал эми Тажикстанда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликтеги мүчөлүгү жана ВСП+ макамын эске алуу менен товарларды экспорт, импорт кылуу боюнча өз ара аракеттенүү чаралары сүйлөшүлдү.  

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба министри Нурбек Мурашовду кабыл алып, жолугушууда аймактарды өнүктүрүү жарлыгынын алкагындагы негизги багыттар жана өлкө башчысынын иш сапарларында коңшу өлкөлөр менен жетишилген макулдашууларга кеңири токтолду.  Айыл чарба министрлиги аймактарда дыйкандарды жана ишкерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоого кам көрүшү керек деди президент. Айтымында, кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, дыйкан, фермерлерге жардам берүү мамлекеттин негизги милдети. 

Айыл чарба министри учурда өлкө аймагында 300дөн ашуун кайра иштетүүчү ишканалар иштеп жатканын, анын ичинен 50 ишкана акыркы үч жылда ишке киргенин билдирди. Айтмакчы, Өзбекстан өткөн жылдын октябрь айынан тарта Кыргызстандан ташылган азык түлүк продукцияларынын бир нече түрлөрүн акциздик салыктан бошоткон. Адистердин айтымында, бул эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө түрткү болду.