Жаңылыктар
Айыл чарбасындагы мал багуу тармагы өзгөчө көңүл бурууга муктаж
Айыл чарба
 Айыл чарбасындагы мал багуу тармагы  өзгөчө көңүл бурууга муктаж

Муну эске алуу менен Нарындагы ветеринардык ылаңды аныктоочу экспертиза борбору жаңыдан жабдылды. Келечекте дагы жаңы аппараттарды күтүп жаткан лаборатория азыр жумушту кызуу баштаган учуру. 

Алар муну менен токтолбой, келечекте Евробиримдиктин талабына жооп бергидей борборго айлануу максатын көздөөдө. Бул бөлмө Нарын аймактык ветеринардык дартты аныктоочу эскпертиза борборунун эң орчундуу бөлүмү. Кызматкерлер күн сайын базарда сатылган эттин сапатын карап, жугуштуу оорулардын белгиси жокпу деп текшерип турушат.

Борбор жакында эле жаңы, заманбап жабдыктар менен жабдылыптыр. Алар менен эттин курамындагы 26 оорунун белгисин бир убакта аныктаса болот. 

Буга өкмөт эки жарым миллион сом берген. Борбордун келечектеги максаты чоң. Акырындык менен материалдык базасын чыңдап, Евро биримдиктин талабына жооп бере турган лабораторияга айлануу. 

Ал үчүн борбордогу адистер маңдай терин агыза иштеп, тажрыйбасын байытууда. Ал эми имаратын жакшыртууга мамлекет жети жарым миллион сом бөлүп берген. Азыр адистер жаркыраган жагымдуу жайда иштеп жатышат.