Жаңылыктар
Өкмөт өлкөнүн мекемелеринде реформаларды жигердүү жүргүзүүнүн аракетинде
Чек ара
Өкмөт өлкөнүн мекемелеринде реформаларды жигердүү жүргүзүүнүн аракетинде

Биринчи кезекте мамлекеттик бюджетти толтуруп жаткан мекемелердин ишине жаңычылыктар кирип жатат. Реформанын алгачкы натыйжасын Бажы кызматы көрсөттү. Реформанын баштапкы натыйжасы жаман эмес. Бажычылар мындай жетишкендикти бажы төлөмдөрүнүн ар бирин каттоого алуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартуу менен көрсөтө алды. Бир айдын ичинде былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу бюджетке эки эсе көп киреше түшкөн. 

Экономисттер бажы төгүмдөрүнөн түшкөн каражаттын арбышына бир нече факторду жүйө катары келтирүүдө. Биринчиден жаңы Бажы кодекси ишке кирди, ал бажы төлөмдөрүн чогултууда таптакыр башка ыкмаларды колдонууну шарттайт.  Мындай натыйжага жетүүнүн дагы бир сыры Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганы болду - дейт саясат таануучу Кубанычбек Чекиров. Муну менен катар бул “Таза Коом" программасын жүзөгө ашыруудагы алгачкы кадамдар. Серепчилердин пикиринде реформаны улантуу зарыл. Бир айда мынча натыйжа болсо алдыда мыкты көрсөткүчтөргө жетүүгө мүмкүн. 

Бул багыттагы маселелерди Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алганда талкуулады. Ошол эле учурда өкмөт башчы бажы кызматындагы реформа өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бир экенин белгилеп, коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү чараларды талап кылды. Эксперттердин баамында өкмөт туура багытты тандады. Бул аракеттин жүрүшүндө салык кызматында да реформалар жүргүзүлөт. Бул иштердин натыйжасында жемкорлук жоюлуп, мамлекеттик бюджет толот - дейт талдоочулар.