Жаңылыктар
Бишкекте эл аралык деңгээлдеги маалыматты иргөөчү жана сактоочу ири борбор ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эл аралык деңгээлдеги маалыматты иргөөчү жана сактоочу ири борбор ачылды

Жаңы объектини NSP компаниясы куруп, долбоордун жалпы суммасы 1 миллион долларга турду. Биринчи этапта 330 миң доллар жумшалган. Аны кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылады. Компьютердеги маалыматтарды сактоочу жай. Азыр мында серверлер сакталуучу жети куту орнотулган. Дагы 80ди жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бар. Борбордун аянты 500 чарчы метр. Ишкана мында серверин сактаган кардарлар үчүн электрди үзгүлтүксүз берүүнү жана физикалык коопсуздукту камсыздайт. 

Ал эми сервердин ичиндеги маалыматты кардар гана билет. Бул маалыматтарды сактаган алгачкы коммерциялык борбор. Ал бир жылдагы 365 күн тынбай иштейт. Мында каржы институттары, банктар, ишкерлер гана эмес, мамлекеттик органдар да маалыматын иргеп, сактаса болот. Дата борбордун курулушунда дүйнөдөгү эң алдыңкы технологиялар колдонулуп, эл аралык стандарттагы заманбап жабдыктар орнотулду. Инвестор болгон Шнайдер Электрик француз компаниясы маалымат сактоочу борборлордун жана орто кубаттуулуктагы электр жабдыктарын чыгарган алдыңкы ишкана. 


Борборду куруу идеясы эки жыл мурда пайда болгон. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосунда ишке ашты. Жалпы суммасы 1 миллион долларга жакын. Биринчи этапта 330 миң доллар жумшалды. Борбордун ачылышы менен кредиттик бюро менен келишим түзүлдү. Маалыматтардын электрондук түрдө коопсуз сакталышы - Кыргызстанды санарип тармагы өнүккөн жаркын келечекке жакындатаарын адистер айтышат.