Жаңылыктар
Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган мюзикл жанрындагы кино-дастандын трейлери чыкты
Маданият
Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган мюзикл жанрындагы кино-дастандын трейлери чыкты

Фильмдин трейлери интернет айдыңында кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк интернет колдонуучулар кино-дастандын премьерасын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдирген.XVIII-кылымда болгон окуянын негизинде тартылган тасманын премьерасы 1-мартка белгиленген. 

Эскертке кетсек, Коомдук Биринчи канал тарыхый кино-дастандын башкы медиа өнөктөшү. 

Бул жанр кыргыз киносунда биринчи жолу жаралды. Болгондо да, тарыхый кино-дастан. “Дарак ырында” адам менен жаратылыштын байланышы жана сүйүү даңазаланат. Кино-дастанда XVIII-кылымда болгон окуя тартылган. Арийне, бул мезгилде кыргыз кандай кийингендиги терең изилденген. 

Фильмге атайын 200дөн ашык комплект улуттук кийим тигилген. “Кийиз дүйнө” долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова өз командасы менен 2 айдын аралыгында тигип үлгүргөн.  Башкы ролдогулардын кийимдери толугу менен колго тигилген. Андан сырткары, нукура асем буюмдар колдонулган.