Жаңылыктар
Чет өлкөдөгү мекендештерибиздин которгон акчалары эң жогорку көрсөкүчтү берди
Экономика
Чет өлкөдөгү мекендештерибиздин которгон акчалары эң жогорку көрсөкүчтү берди

Ушул тапта мигранттардын өз мекенине которуп жаткан акчалары өлкөнүн өнүгүүсүндө мааниси зор жана ички дүң продукциянын негизин түзөт деп айтылып келет.  

Чет өлкөдө иштеп бирок, жүрөгү Кыргызстан деп соккон мекендештерибиздин которгон акчалары былтыркы жылдын жыйынтыгы менен болуп көрбөгөндөй чекке жетти. 


Мурунку жылдары мигранттардын ысык-суукта иштеп тапкан акчасы аш-тойлорго гана иштетилип жок болуп кетип жатат деген жүйөлөр көп айтылып келген. 

Учурда миграция кызматы мигранттардын акчасын иштетүү демилгесин көтөрүүдө. Анда таман акы, маңдай тери менен тапкан каражаттар кандайдыр бир ишкана ачууга жумшалса. Же өкмөт жеңилдетилген насыяларды берсе деген механизмдер сунушталууда.