Жаңылыктар
Каттоо кызматына атайын жабдылган мобилдик унаалар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Каттоо кызматына атайын жабдылган мобилдик  унаалар тапшырылды

Калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө көрүлгөн дагы бир аракет... Мамлекеттик каттоо кызматына атайын жабдылган мобилдик 16 кичи автобус тапшырылды. Унаалар Жапон өкмөтүнүн жана БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында берилди. 

Автобустардын ачкычтарын тапшыруу иш чарасы премьер-министр Сапар Исаков, эл аралык уюмдун жана Жапон өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Кичи автобустар алыскы тоолуу аймактардын элине жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттик кызматтарды жеринде көрсөтүүгө колдонулат.

Өкмөт жарандардын убаракерчилигин азайтып, ыңгайлуу шарт түзүүгө дагы бир кадам таштады. Мындан ары алыскы тоолуу аймактын жашоочулары район борборуна келбестен мына мындай ыкчам калкты тейлөө борбору орун алган автобустар аркылуу мамлекеттик кызматты жеринде ала алышат. Кичи автобустар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да үйүнө барып кызмат көрсөтөт.

Өкмөт башчы каз-катар тизилген кичи автобустардын бирине отуруп айдап да көрдү. Ыкчам кызмат көрсөтө турган унаалардын ичи заманбап болуп жабдылган. Сапар Исаков “Таза Коом” программасын ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, учурда “Таза Коом” долбоорунун алкагында 17 калкты тейлөө борбору иштеп жаткандыгын белгиледи.

Муну менен катар өлкө аймактарында мамлекеттик кызматтарды сунуштаган 363 маалыматтык күркөлөр иштеп жатат. Эми кичи автобустагы ыкчам калкты тейлөө борборлору аларга кошумча жардамга келет. Автобустар облустарга бөлүштүрүлүп берилет.