Жаңылыктар
Кыргызстандын тышкы карызы 240 млн долларга азайды
Экономика
Кыргызстандын тышкы карызы 240 млн долларга азайды

Кыргызстандын тышкы карызы 240 млн долларга азайды. Россиянын президенти Владимир Путин бул карызды кечүү боюнча  документке кол койгон. Муну менен бюджетке бир аз болсо дагы жеңилдик болот дешет адистер. 

Маалыматка ылайык, тышкы карыздын 90 пайыздан ашууну ар кандай инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн багытталган. Ал арада Каржы министрлиги Өлкө тышкы карыздарын  өз убагында кечиктирбей төлөп жаткандыктан  тынчсызданууга негиз жок экенин билдирүүдө. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"