Жаңылыктар
Свердлов РИИБ кызматкерине ок чыгарып, жарадар кылган шектүү изделүүдө
Кылмыш
Свердлов РИИБ кызматкерине ок чыгарып, жарадар кылган шектүү изделүүдө

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББден билдиришти. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-340-беренесинде каралган - укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо - боюнча кылмыш иши козголду. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 31 жаштагы тургуну Шатманов Тилек Сулайманович изделип жатат. Ал 2018-жылдын 2-февралында Свердлов райондук ИИБдин кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган. 

Бул адам кайда жүргөнү тууралуу маалыматы бар жарандар 0(312) 43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 номурлары аркылуу ички иштер органдарына кабарлай алышат. Ошондой эле "102" номуру аркылуу дагы чалуулар кабыл алынат. Маалыматтын купуя сакталышына кепилдик берилет.