Жаңылыктар
Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө катышат
Экономика
Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө катышат

Дубай шаарындагы «Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө Кыргызстандын катышуусу жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Муну ырастаган тийиштүү буйруктун долбооруна Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. 

Мындай чечим биздин өлкөнүн аталган көргөзмөгө катышуусу жана ага даярдык көрүүсү боюнча ишти уюштуруу максатында кабыл алынды. Маалым болгондой, иш-чара Дубайда 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт. 

Документке ылайык, көргөзмөгө катышуу жана даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Уюштуруу комитетине "Дубай ЭКСПО-2020" көргөзмөсүнө Кыргызстандын катышуу концепциясын жана ага даярдык көрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитүү тапшырылды. 


Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө улуттук көргөзмө оператору катары Соода-өнөр жай палатасы аныкталып, ага бардык уюштуруу-техникалык маселелерин чечүү боюнча функциялар ыйгарылган. Ушул жумада вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында бул көргөзмөгө Кыргызстандын катышуусу жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы кеңешмеси өтөт.