Жаңылыктар
Аида Саляновага сот өкүмү чыкты
Саясат
Аида Саляновага сот өкүмү чыкты

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Ага ылайык, Салянова мүлкү конфискацияланып, беш жылга эркинен ажыратылды. Соттук процесс 7-февралда өттү. 

Эскерте кетсек, 2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту Аида Салянованы мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок депутаттын баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган. Эл өкүлүнүн кичүү кызы 2015-жылдын 18-июлунда төрөлгөн. 2016-жылдын 26-декабрында мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, учурда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага кылмыш иши козголгон. 

Башкы прокуратура жана УКМК Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турганда, Максим Бакиевдин өнөктөшү, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз калыбына келтирип берген деп эсептөөдө. УКМКда 2017-жылдын 12-майында жүргүзүлгөн сурактын жыйынтыгында Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.