Жаңылыктар
Ала-Бука: ЕАЭБ талаптарына жооп бере турган мал союлуучу жай курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Бука: ЕАЭБ талаптарына жооп бере турган мал союлуучу жай курулууда

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда заманбап, ЕАЭБ талаптарына жооп бере турган мал союлуучу жай курулууда. Эгер бул жай толук бүткөрүлүп ишке берилсе 30дан ашык жумушчу орун түзүлөт. 

Ал эми мал союлуучу жай мамлекет тарабынан берилген аз пайыздуу насыянын колдоосу менен курулуп жатат.

Мал союлуучу жай ишке кирсе, эт багытында мал кармаган Ала-Букалык фермерлер гана эмес, коңшу турган Чаткал жана Аксы райондорунун ишкерлери малын тапшырууга шарт жаралат.