Жаңылыктар
Каттоо кызматынан балдарга жеке идентификациялык номер бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Каттоо кызматынан  балдарга жеке идентификациялык номер бериле баштады

Мамлекеттик каттоо кызматы ата-энелерге кайрылып, тез арада мектеп окуучулары менен бала бакчадагы балдарына, акысыз бериле турган персоналдык идентификациялык номер алууга чакырууда. Мындай жеке номер алуу балдардын документтериндеги айрым көйгөйлөрдү жокко чыгарып, иретке келтирүүнү көздөйт.

Идентификациялык номуру жок балдардын ата-энелери мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлоруна, ЗАГС, маалыматтык күркөлөргө кайрылып, балдарына ПИН номурду ала алышат. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунда массалык түрдө балдарга жеке идентификациялык номер берилип баштады. Кезек күткөндөр көп эмес, себеби ПИНди берүү процедурасы жеңил жана тез.

ПИНду алуу үчүн ата-эненин паспорту, нике тууралуу күбөлүк, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана атасы же энеси болушу шарт. Документтер сканер аркылуу компьютердеги базага кирет да автоматтык түрдө жеке идентификациялык номер берилет.