Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм"
Коррупция
С.Жээнбеков: "Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм"

Коррупция менен күрөшүү - өзгөчө маанилүү маселе. Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш - мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете".

Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. 

Өлкө башчы коррупция маселеси ар дайым Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө болот. Ар бир багытка атайын көңүл буруп, өзүнчө карайбыз. 

Сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдары коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат, -деди. 

 “Мен өлкөнү түрө кыдырдым, дээрлик бардык аймактарда эл менен жолуктум. Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат. Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек. Өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек. Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. 

Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшалондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч - Президенттин саясий эрки! Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында “Коррупция менен күрөшүү - менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе” - деп айткам.