Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өлкөдөгү бир катар аэропорттор оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өлкөдөгү бир катар аэропорттор оңдолот

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өлкөдөгү бир катар аэропорттор оңдолот. Мындай маалыматты “Манас” эл аралык аба майданынан кабарлашты. 

Ош шаарындагы аэропортун учуп-конуу тилкеси 400 метрге кеңейтилет. Ал эми Таластагы аба майдандын айланасы тосулат. Ага кетчү каражаттар кайдан алынары да эсептелди.

Муну менен катар Жалал-Абаддагы аэропортту кеңейтүү дагы мерчемделип жатат. Анан да Бишкекке жакын жайгашкан «Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкеси кеңейтилгени жатат. Буга жүргүнчүлөрдүн көбөйгөндүгү себеп болду.