Жаңылыктар
Зыяндуу заттар эс алуучу жайларда көп колдонулууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Зыяндуу заттар эс алуучу жайларда  көп колдонулууда

Кыргызстан Борбор Азияда психотроптук зыяндуу заттардын жайылышына каршы күрөшүп жаткан эң активдүү өлкө. Анткен менен алдыда бул жаатта дагы көп иштерди аткаруусу зарыл. Адистер баңгизаттардын өлкө жарандарына тийгизип жаткан таасирлерин талкуулашты.


Бишкектеги наркологиялык борборго терс адаттан кутулуу үчүн ондогон адамдар кайрылат. Зыяндуу заттардын саны көбөйгөн сайын аны колдонгондор да арбыды. Химиялык аралашма менен жасалган психотроптук каражаттар кадимки баңгиден да кулачын кенен жайып бараткандай.

Зыяндуу заттар эс алуучу жайларда да көп колдонулууда. Буга “Гараж 312” түнкү клубундагы окуя далил боло алат. Аталган жайда баңги менен эсти маң кылган каражаттар атайын сакталып, кардарларга жең ичинен сатылып жүргөнү ашкереленген. 


Бул маңзатты ачык таркатуу ыкмасы билинген алгачкы факты. Бирок милиция башка эс алуучу жайлардан да күмөн санайт. Баңгиге байланышкан көйгөйлөр адистердин башын бириктирип, маселе кызуу талкууланды.