14-жыл мурда болуп өткөн Аксы районундагы кандуу окуя бүгүн жеринде президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда эскерилди.
Окуя болгон Боспиек айылында эскерүү митинги өтүп, маркумдарга багышталган куран окулду. Ага Аксы окуясында мерт кеткендердин жакындары, жаракат алгандар, бийлик өкүлдөрү жана башка район тургундары катышты.
Мамлекет башчы Аксы окуясынын 14 жылдыгын утурлай кечээ Ошко иш сапары менен барган. Анын жүрүшүндө кандуу окуяга кайрылып, бийликтин адилетсиз саясатына каршы алгач Аксынын тургундары күрөш баштап, туруштук бергенин, демократия үчүн курман болгон жарандар унутулбай турганын белгиледи.