Жаңылыктар
"Ош" базарынын батыш тарабындагы контейнерлер толугу менен алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Ош" базарынын батыш тарабындагы контейнерлер толугу менен алынууда

Ордо калааны мыйзамсыз күркөлөрдөн тазалоо уланууда. "Ош" базарынын батыш тарабында жайгашкан, көп жылдан бери мэрия тарабынан ижарага берилип келген аянтчадагы контейнерлер толугу менен алынууда. Себеби жаңы жылдан тарта мурдагы макулдашылган келишим токтотулуп, жер толугу менен мыйзамдуу түрдө жергиликтүү жашоочуларга өткөрүлүп берилди.

Катары менен жайгашкан бул күркөлөр Абузахир базарына тиешелүү болуп, сатуучулар товарларын сактай турган кампа катары колдонуп келишкен. Анткен менен 100дөн ашык контейнер жайгашкан бул аймак, бир гана ижарачыга тиешелүү болуп келген.

Сатуулардын минтип чуулдап жатканынын деле жөнү бар. Анткени бул жерди толугу менен ижарага алып, аны кайра сатуучуларга ижарага берип келген тарап, акыркы күнгө чейин 4 ай мурда токтогон келишимди узартуу аракетин көрүп жүрдү.

Совет учурунда Фрунзе заводунун жатаканасы болуп турчу бул үйлөр, кийин менчиктештирилип, эл жашап, бирок дал ушул күркөлөрдүн тоскоолдук жаратып жаткандыктан, жергиликтүү бийликке даттанып келишкен.


Айта кетсек, ”Абузахир” базарынын ээси тарабынан Бишкек шаардык мэриясына канча бир убактан бери ижара акысы төлөнбөй, 2 млн сомго жакын каражат карыз болуп келген. Ушул тапта карыз өндүрүлүп, жергиликтүү бюджетке чегерилди.