Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы иштелип чыкты. Жаңы документ иретсиз курулушту бир нукка салууга, ошондой эле бул тармакты оңдоого мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин ордо калаада деталдуу план жоктугунан улам башаламан курулуштар орун алган. Архитектор адистер иштелип чыккан долбоорго мыйзамсыз курулган объектилер камтылган жана айрым тарыхый жайлар бузулууга дуушар болот деп тынчсызданууда.
Бишкек жыл өткөн сайын тарыхый көрүнүшүн жоготууда. Көп жылдан бери деталдуу пландын жоктугу шаардын көркү бузулушуна алып келди. Анткени чаржайыт курулуштарга көпчүлүк күбө. Үйлөрдү салынганы го жакшы, бирок айрымдары мыйзамсыз, туура эмес жерге түшкөн. 70-жылдары шаарды курган адистин бири Юсуф Тагиров азыркы Бишкектин абалына кейигенин жашырган жок.
2006-жылы шаардын башкы планы кабыл алынып, кечеңдеп отуруп 2014-жылы баш калаанын борбордук бөлүгүнүн деталдуу кылып чийип чыгуу колго алынган. Иштелип бүткөн план эми коомдук талкууга коюлду. Документти кабыл алчу шаардык кеңеш тарап бардык учур эске алынат деп ишендирүүдө.
Эрик Ирискулбеков деталдуу планды ийне-жибине чейин изилдеп чыккан. Ал долбоордо мүчүлүштүк бар деп эсептейт.
“Деталдуу план мыйзамсыз делген курулуштарды мыйзамдаштырууга жол береби деген коркунуч бар. Анткени долбоорго киргизилген көп имараттарды көрдүк. Бул долбоорду кабыл алуу - аларды мыйзамдаштыруу деп саналат. Ошондой эле, коргоого алынган тарыхый имараттар да бузулганы жатат.
Мисалы, Дзержинский бульварында темир жолго жакын Ала-Тоо мейманканасы бузулуп жатат. Эми Панфилов дивизиясы түптөлгөн “Эркин-Тоо” басмаканасынын имараты өзгөрөт деп чийилген. Андай мисалдар көп. Деталдуу планда баары эске алынышы керек болчу, тилекке каршы андай болбой жатат.”
Деталдуу план коомдук талкууга коюлду, эки ай аралыгында шаардык кеңештин депутаттары шаар тургундарынын пикирин угуп, планга оңдоп-түзөө, толуктоолор киргизилип андан соң кабыл алынмакчы. Көңүл өйүткөн маселе жаралса же пикир кошом десе шаар тургундары тартынбай салымын кошсо болот.