Жаңылыктар
Кыргызстан - Өзбекстан: биргелешкен ишканалар ачылат
Экономика
Кыргызстан - Өзбекстан: биргелешкен ишканалар ачылат

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык келерки жылы биргелешкен ишканалар ачылат. Бул демилгелерди бышыктоо максатында Өзбекстандын тышкы соода министри баш болгон өкүлдөр Бишкекке келишти.

Жолугушуу алкагында эки мамлекеттин тиешелүү мекемелеринин, банктар жана айыл чарба жабдууларын ташып келүү багытында байланышты күчөтүү боюнча документтерге кол коюлду.

Бул жолу да эки мамлекет сөздөн ишке өтүүгө көбүрөөк басым жасады. Бир чети Өзбекстандан келгендердин көбү ишкерлер. Мындан улам бул аянтчада эки өлкөнүн бизнесмендери көзмө-көз баарлашты. Анын үстүнө эки мамлекеттин кызматташа турган тармактары арбын.

Бул ириде айыл чарба тармагы. Кыргызстан коңшу өлкөгө экологиялык таза азыктарды эт, сүттү, мөмө жана жер жемиштерди экспорттой алат. Муну менен катар өлкөлөрдө өндүрүлгөн ата мекендик товарларды да эки жакка бирдей сатууга болот. Бул үчүн чек ара бекеттери ачык иштеп жатат. 

Ошол эле учурда тараптар транспорт, текстиль, чек арадагы сооданы күчөтүү, энергетика, курулуш тармагы боюнча да байланышты күчөтүүгө кызыкдар. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген ушул жана башка тармактар боюнча макулдашууларды экономика министри Артём Новиков менен Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев талкуулады.