Жаңылыктар
Тогуз-Тородо кен казган компаниянын курулуш иштери убактылуу токтолду
Аймак
Тогуз-Тородо кен казган компаниянын курулуш иштери убактылуу токтолду

Тогуз-Торо районунда кен казган компаниянын курулуш иштери убактылуу токтолду. Жергиликтүү бийлик нааразы тараптар кен казуу иштери ден соолукка, айлана чөйрөгө зыян келтирип жаткандыгын айтышкандыгын, буга байланыштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин негизинде учурда жумуш токтотулгандыгын билдиришти. 

Маалыматтарга караганда, жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалып жаткан  болчу. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети учурда калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти. 

Эскерте кетсек, 7-февралда Тогуз-Торо районунда «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулуп жатканына жергиликтүу тургундар нааразы болуп митингге чыгышкан. Алар комбинаттын курулушун токтотууну талап кылышкан болчу. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.   

Гүлжан  Каражанова, "Биринчи радио"