Жаңылыктар
Ысык-Көлдө ири көлөмдөгү торлор менен мыйзамсыз балык уулагандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө ири көлөмдөгү торлор менен мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Ысык-Көл районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда ири көлөмдөгү торлор жана кайык менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандар кармалды.

Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыктын инспекторлору текшерген учурда, балык уулоочу кытай торлору жана уруксат кагазы жок кайык менен Сары-Ой айылынын тургуну кармалды. 

Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылынын тургуну дагы мыйзамсыз балык уулап жүргѳн жеринен кармалган. Инспекторлор жаранды текшергенде сига-лудога балыктарын жана балык уулоочу торлорду табышкан. Ошондой эле мыйзамсыз балык уулаган жаран кайыкты уруксат кагаздары жок колдонуп келгени белгилүү болду. 

Жеринде инспекторлор протоколдорду толтуруп, кайык менен торлор тартылып алынды. Учурда бардык тийиштүү материалдар чогултулуп, мыйзам чегинде чара көрүү максатында Ысык-Көл райондук сотуна жиберилди.