Жаңылыктар
Бишкекте жертөлөдө жашыруун иш алып барган казино табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жертөлөдө жашыруун иш алып барган казино табылды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери кумар оюндарын интернет байланышы аркылуу уюштурган факты боюнча материалды каттады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 259-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. 

Ошол эле күнү ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында Бишкектеги Медеров көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, жертөлөнүн ичинен жашыруун иш алып барган казино табылды. 

Ал жерде покер ойнолоору белгилүү болгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.