Жаңылыктар
Кыргызстандын авиакомпаниялары 2019-жылы Евро биримдиктин “кара тизмесинен” чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын авиакомпаниялары 2019-жылы Евро биримдиктин “кара тизмесинен” чыгарылат

2019-жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евро биримдиктин “кара тизмесинен” чыгарылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов министрликтин коллегиялык жыйынында билдирди. 

Анын айтымында 2019-жылдын 1-кварталында өлкөнүн авиа компаниялары "кара тизмеден" чыгат. Маалым болгондой, өлкөнүн авиакомпанияларын Евро биримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча өкмөт тарабынан бекитилген план түзүлдү. Ага ылайык иштер жасалып, өсүү динамикасы байкалууда. 

"Эгерде жылыш ушундай деңгээлде уланса, 2019-жылдын 1-кварталында кара тизмеден чыгып калат”, - деди Калилов. Кыргызстандын 13 авиакомпаниясы 2006-жылдан бери Евро биримдиктин "кара тизмесинде" турат. Алардын Европа өлкөлөрүнө учуу мүмкүнчүлүгү чектелген.