Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алды


Бишкек шаарынын мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин коллегиялык жыйынында айтылды. Троллейбустар 2018-жылдын июнь айына чейин келип бүтөт. 

Мындай иштер коомдук транспортту өнүктүрүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Андан тышкары троллейбустар үчүн тетиктер алынып, Манас проспектиси боюнча кеткен троллейбустук линиялар алмаштырылды. Быйыл Бишкекте 10-каттам боюнча автобустарды жүргүзүү мерчемделип жатат. 

Транспортту жана жаңы каттамдык тармактарды иштеп чыгуу, автобустарды сатып алуу, ошондой эле коомдук унааларды видеорегистраторлор менен камсыздоо пландалууда. Маалым болгондой, учурда Бишкекте 131 троллейбус бар. Коомдук транспорттун бул түрү тогуз каттамдык линияны тейлейт.