16-март күнү саат 18:00 чамасында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-82-83-84-чакырымдарында болжол менен 7000 метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу тосулуп калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдагандай, алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок.