Жаңылыктар
Орун которууга милдеттендирилген Өзгөндүн айылдарында абал кандай?
Аймак
Орун которууга милдеттендирилген Өзгөндүн айылдарында абал кандай?

Өзүнүн гана эмес, жакындарынын да өмүрүн тобокелге салып, кооптуу аймактарда орун которбой отурган Өзгөндүн Зергер айыл аймагынын 52 жаранын аймактын башчысы сотко берди. Булар, мамлекет тарабынан трансформацияланган жаңы конуштардагы жер тилкелеринен баш тарткандар.

Экинчи тарап болсо үлүш жерлери менен дыйканчылык аймагын, дегеле туулуп өскөн жерин таштап кетүү оор болуп жатканын айтышууда.

Орун которууга муктаждар үчүн мамлекет тарабынан коопсуз аймактардан атайын жер аянты өздөштүрүлүп берилген. Кызыл-Октябрь, Куршаб, Ана-Кызыл аймагынан табылган 219 гектар жерде, жарандардын жашоо-турмушуна зарыл болгон шарттын баары түзүлгөн. Өзүнүн гана эмес, жакындарынын да өмүрүн тобокелге салган үй ээлерин мажбурлап көчүрүүнүн учурда бир гана мыйзамдуу жолу бар - ал сот аркылуу чара көрүү.