Жаңылыктар
Транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды

2017-жылы өлкө аймагында 350 чакырым жол оңдолгон. Ага 4 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат сарпталган. 

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. Бул жылы бир нече асфальт чыгаруучу заводдор ишке киргендигине байланыштуу, жолдорду оңдоо боюнча жакшы көрсөткүчкө жетишилди. 

Мекеме 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, жолдорду оңдоого дагы 1 миллиард сом жумшоо планы бар экендигин маалымдады. Учурда өкмөт каражат бөлүп берүү маселесин карап жатат.