Жаңылыктар
Бүгүн тиш доктурлардын эл аралык күнү
Ден соолук
Бүгүн тиш доктурлардын эл аралык күнү

9-февраль тиш доктурлардын эл аралык күнү. Дал ушул күнү дарыгерлер жан сыздаткан тиш ооруудан арылуунун жолун табышкан. 

18-кылымдын башында тармакка өзгөрүү кирип, тишти жулбай аны сактоо же калыбына келтирүү боюнча иштер башталган. 

Тиши ооруп түйшүктөнүп келгендер бейтапканада көп. Дарыгерлер тиштеги кариестен жабыркагандарга караганда оорунун өтүшүп кеткендери көбөйгөн. Бул профилактикага маани бербегендиктин кесепети дешет адистер.

Алдын алуу иштери начар болгону менен Кыргызстанда тиш дарылоо өнүгүп жатканын адистер белгилешет. Өлкө боюнча 36 мамлекеттик, 470 жеке клиникалар калкты тейлейт. Шаардагы №2 бейтапкана эле 300 миңге жакын калкка кызмат көрсөтөт. Анын 70 миңдейи мамлекеттин камкордугунда алынып, акысыз дарыланышат.