Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алды
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитовду  кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитовду Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы Айымдос Бозжигитовго элчи катары кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. 

«Биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгын жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы "Түбөлүк достук жөнүндөгү" келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгын белгилешти. Бизди эки тараптуу мамилелердин бекем негизи болгон бир туугандык , жакшы коңшулук ажырагыс байланыштар, тилибиз жана маданиятыбыздын жакындыгы байланыштырып турат. Биз өз ара урматтоо жана пайдалуу кызматташтыктын принциптеринде мамилелерди бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. 

Мамлекет башчысы элчи Айымдос Бозжигитовго мындан аркы ишмердигинде ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалап, ал дайым Кыргызстанда кадырлуу конок болорун кошумчалады.