Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

Кытайда 15-февралдан 21-февралга чейин улуттук “Жаз майрамы” өткөрүлөт. Майрамдык иш-чараларга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы бир жума бою жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Торугарт авто жол” менен “Иркештам авто жол” көзөмөл өткөрүү жайларында 2018-жылдын 15-февралынан 21-февралына чейин жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Көзөмөл өткөрүү жайлары 2018-жылдын 22-февралында кайра ачылат. 

Ал эми 14-февралда «Иркештам авто жол» көзөмөл өткөрмө жайы саат кечки 22:00го чейин иштейт. “Торугарт авто жол” менен “Иркештам авто жол” посттору ишембиден тартып кадимки режимде иштөөгө өтөт.