Жаңылыктар
Жалал-Абадда 34 кишиге айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда 34 кишиге айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды

Жалал-Абадда 34 кишиге айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды. Документтерди Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ноокен, Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери берген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, сот 2015-жылы жасаган кылмышы үчүн үч жылга кесип, үч жылга айдоочулук укуктан ажыраткан жаранга 2017-жылы бул органдын Ноокен райондук бөлүмү мыйзамсыз түрдө айдоочулук күбөлүк берип койгон. 

Мындан тышкары, Шамалды-Сай шаарчасындагы №108 кесиптик лицейдин жетекчилиги айдоочулукка үйрөтүү боюнча лицензиясы бүтүп калганына карабай, тиешелүү сабактарды албаган 33 адамга “окуудан өттү” деген күбөлүк бергени аныкталды. 

Факты боюнча департаменттин үч мекемесинин кызматкерлерине жана лицейдин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана “Кызматтык жасалмалоо” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.