Жаңылыктар
Сапар Исаков өкмөт жетекчилеринин дүйнөлүк саммитине катышат
Саясат
Сапар Исаков өкмөт жетекчилеринин дүйнөлүк саммитине катышат

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөт жетекчилеринин дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн жумушчу сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Жумушчу сапарынын алкагында өкмөт башчы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 

Анын ичинде эмираттын мураскер ханзаадасы Эль-Фуджейра Е.В.Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки, Өнүктүрүү фондунун башкы директору Абу-Даби Мухаммад Саиф Аль-Сувейди жана «Investment Corporation of Dubai» компаниясынын аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушуулары бар.

Андан тышкары, Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties ( Емаар Пропетиис)» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар, Дубай эмиратынын полициясынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халиф Аль Марри, «VPS Health Care ВиПиЕС хелт кеер» компаниясынын башчысы, доктор Шамшир Ваялил, «Air Arabia эйр арабя» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али, Дубай эмиратынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль Гурейр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Саммиттин алкагында Премьер-министр жергиликтүү полициянын ишмердүүлүгү, эмираттын укук коргоо органдары колдонгон алдыңкы технологиялары жана полициялык участканын ишмердүүлүгү менен таанышат. 

Ага катар Сапар Исаков «Жардыруу» — чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу панелдик дискуссиянын ишине катышат жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын эмири Е.В. Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумдун катышуусунда параллелдик сессиясына катышат.