Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 10 млрд 169,6 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
"Белгиленген план 100,2 пайызга аткарылды. 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд 629,3 млн сомго жеткен, тактап айтканда төлөм 34,9 пайызга жогорулады" - дейт салыкчылар.
ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктардын келип түшүүсү болжолдогу 2 млрд 486,2 млн сомдун ордуна 2 млрд 777,7 млн сомду түзсө, аткаруу 111,7 пайызды түздү же 291,5 млн сомго ашык аткарылган.