Жаңылыктар
Подмосковьеде Ан-148 учагы кырсыкка учурап, 71 адам каза болду
Дүйнө
Подмосковьеде Ан-148 учагы кырсыкка учурап, 71 адам каза болду

Подмосковьеде болгон учак кырсыгынан аман калгандар болгон жок. "Саратов аба жолдоруна" таандык пассажирдик учактын калдыктары менен каза болгондор Рамен районунун Степанов айылынын жакын жеринде  табылган. 

Учак Москвадан Оренбургдун Орск шаарына багыт алып, ичинде экипаж мүчөлөрүн кошкондо жалпы 71 адам болгон. Кырсыкка кабылган Ан-148 учагын  тажрыйбалуу пилот жетектеп келе жаткан. 

Домодедово аэропортунан көтөрүлгөндөн  эле аз убакыт өткөндөн кийин радардан жоголуп кеткен. Учуп келе жаткандардын көпчүлүгү Оренбург облусунун тургундары болушкан. Учурда учак кырсыгынын себептери иликтенүүдө