Жаңылыктар
Аксы окуясына 14 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы окуясына 14 жыл

Бүгүн Бишкектеги Медиа Форумдун имаратында Аксы окуясынын 14 жылдыгы жана 2010-жылдагы оппозициянын курултайынын алты жылдыгы эскерилди.

 Иш-чарасынын жүрүшүндө өткөндү унутпай, Аксы окуясынын себептерин эстеп, көңүлгө бекем түйүп жүрүүгө чакыруулар болду. Талкуунун соңунда өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай реформалар керектиги сунушталган резолюция кабыл алынды. 

2002-жылы 17-мартта ошол кездеги эл өкүлү Азимбек Бекназаровдун камалышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы болгон эл район борбору Кербенге жөө жүрүшкө чыгышкан. Боспиек айылына кире бериште тартип коргоо органдары аларды токтотуп, элге каршы атылган октон 5 киши каза болгон. 

18-мартта Кербенде дагы бир балага ок жаңылып, жалпысынан кандуу окуяда 6 адам окко учкан. Мындан тышкары ондогон адамдар октон жараат алып, ур-токмокко алынган.